"Аскер Курулуштун" жетекчисин миңдеген "жашылбайларды" берип жатканда кармашты

Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөш кызматынын адистерине 10 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен "Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасынын башкы директору кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен "Аскер Курулуштун" башчысы кармалды
Маалыматка ылайык, ишкана директору бир нече аскердик объектилерди курууда мыйзам бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар сунуштаган.

10-сентябрында аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин ("Пара берүү") негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган жетекчи УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0