Казат Акматов менен коштошууга эл агылып келди

Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусун акыркы сапарга узатуу зыйнаты шаршемби күнү Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында өттү.

Коштошуу тажиясына премьер-министр Темир Сариев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү катышты.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов менен коштошуу
Жазуучу менен коштошууга кесиптештери, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жана күйөрмандары келишти.

Казат Акматов дүйшөмбү күнү эртең менен 74 жаш курагында узак оорудан кийин каза болгон. Жазуучу Байтик айылында жерге берилди. 

Драматург, сценарист, жазуучу Казат Акматовдун "Мезгил", "Мунабия", "Ажырашуу", "Архат" сыяктуу чыгармалары менен элдин эсинде калды.

Эки ирет СССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Легендарлуу парламенттин депутаты мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияны да жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0