Ичип отуруп баласын жоготуп алган энеси окуя кандай болгонун айтып берди

Жазылуу
Жоголуп кетти деген баланы бейтааныш кыз ага чоочун эле бирөө таштап кетти деп, Свердлов райондук милицияга жетелеп келген. Кыздын айтымында, чоочун эркек киши телефонуна бирдик салып алгыча, баланы кармап тур деп суранып, ошол боюнча келген эмес.

Мындан эки күн мурда Бишкекте Жанер Тыналиев аттуу бөбөктүн жоголуп кеткендиги кабарланган. Шаардык ИИББ баланы энеси арак ичип отуруп жоготуп жибергенин билдирген.

"Кошунабыздыкына барып ичкенбиз, бир учурда биз урушуп кеткенде анын күйөөсү мени эшикке чыгарып койгон. Чыкканда баланы ала чыктым беле, же жокпу, ошол жерин билбейм", — дейт жаш келин.

Арак ичип жүргөн аял эки жашар баласын кайда калтырганын билбей калган
Ал эми күйөөсү баласын аялы менен калтырбай тургандыгына убада берди. Ажырашуу туурасында ою жоктугун да айтты.

Маалыматтарга караганда, бөбөктүн 32 жаштагы энеси "Бейбаштык" боюнча соттолгон. Учурда экинчи күйөөсү менен жашап жатат. Бардыгы болуп төрт баласы бар, азыр да үч айлык  боюнда бар.

Аялга карата юридикалык бааны Свердлов райондук ИИБдин тергөө бөлүмү жакынкы күндөрү бермекчи. Райондук ички иштер бөлүмүнөн сотто аны энелик укугунан ажыратуу маселеси каралышы мүмкүндүгүн билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0