Кыргызстандык балбан атаандашын жыгам деп алдында калды

Жазылуу
Кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу Олимпиада оюндарына жол ача турган чемпионатта кубалык атаандашы Бонни Родригестен утулуп калды.

Кыргызстандык балбан ирандык спортчуга үстөмдүк кылып жатып аягында утулуп калды
Эркин күрөш боюнча балбандар 57 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашты. Олимпиада оюндарына катышууга укук берүүчү күрөштүн үч түрү боюнча дүйнө чемпионаты Лас-Вегас шаарында 7-12-сентябрь күндөрү өттү. Биринчиликке 71 мамлекеттен келген балбандар катышты.

Кыргызстандык спортчу атаандашын ыңгайын келтире кармап, далысын жерге тийгизерде, каршы чабуулга туш болгон. Натыйжада Самат жеңилип, аталган чемпионаттагы мелдешин токтотту.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен кыргызстандык балбандар 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн бир эле лицензияга ээ болушту. Аны Арсен Өмүралиев жеңип алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0