02:28 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2447
  • EUR79.8190
  • RUB1.0962
Видео

Баткенге ашык болгон жана "Жайлоодо" ырын созолонткон британтиялык социолог кыз

Кыскача шилтеме алуу
103291
© Sputnik / Эркин Алымбеков

Британиянын Манчестер шаарында иштеп, жашап жаткан Мадлен Ривс учурда Баткенге кезектеги сапары менен келиптир. Аны менен маектешип отуруп, адабий кыргыз тилинде эле эмес, кыргызча диалект менен сүйлөгөнүнө күбө болдук.

Биздин каарман социалдык антрополог, этнолог, Манчестер университетинде сабак берип, илим менен алектенет. Кыргызстанга биринчи ирет 1998-жылы келиптир. Ошондон бери мезгил-мезгили менен каттап турат экен.

Кыргыз тилинде суудай сүйлөйт. Баткендиктер анын жүзүн көрбөсө, айылдашы менен сүйлөшүп жаткандай сезимде калгыдай.

Мадлен Кыргызстандан чыныгы дос деген эмне экендигин билгендигин, бул жерде достор мезгилине, шарт-жагдайына карабай жардамга кол сунат дейт.

"Кыргызстанда мага жакканы дос дегендин сөзгө чоң маани бергендиги. Анан албетте, аба ырайы сонун. Жамгыр көп жаган Манчестер шаарында жашап, иштегендиктен, аны күнөстүү Баткенге салыштырып болбойт. Жемиштер Кыргызстанда абдан даамдуу. Англияда аш бассаң, окшошпой калат, себеби күрүч өзгөндүкү же баткендики эмес, бул жердегидей болуп даамы чыкпайт", — дейт Мадлен.

Ал бизге абадий тилди үйрөнүп алып, Баткенге барып, бирок ал жердеги бир топ сөздөрдү түшүнбөй калып, кабылган күлкүлүү окуялары туурасында айтып берип, жылмайтты.

Британиялык окумуштуу кыз көптөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Жайлоодо" деп аталган ырды көркүнө чыгара аткарып да берди.

Тема боюнча

Жеки Чан актердон кыргызча кыйкыр деп суранган
"Санта Барбарадагы" америкалык актерго кыргыз режиссеру улуттук кийим кийгизди
Белгилер:
социолог, Мадлен Ривс, Манчестер, Улуу Британия
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ