Жоголгон чек арачынын иниси: агамды сагынып жатабыз, көзү ачыктарга да бардык

Жазылуу
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Чоң-Алайдагы чек арачы Бааридинов кийик атканга жиберилип, ал уудан кайтпай калган.

Разыскиваемый пограничник пропал на охоте в горах — одна из версий ГП - Sputnik Кыргызстан
Чек арачынын жоголушу боюнча жаңы жагдай: жоокер кийик уулаганы жөнөтүлүп, жоголгон
Жоголгон чек арачынын иниси Сыймык Бааридинов агасын көзү ачыктардын жардамы менен да издеп жатышкандыгын айтты.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Ош облусунда "Карамык" чек ара заставасында чек арачы 23-август күнү нөөмөт учурунда адашып, жоголуп кеткен. Жанында Калашников автоматы бар болчу. Алгачкы издөө иштери тоолуу аймакта жана аба ырайынын начар шартында жүргүзүлгөн.

"Көзү ачыктарга кайрылсак, бирөөсү бир айдан кийин, дагы бирөө үч айдан кийин келет деп айтышты. Башында бир молдо киши 2-3 күндө  келип калат деген",— деп айтып берди Сыймык Бааридинов.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Чоң-Алайдагы чек арачы Бааридинов кийик атканга жиберилип, ал уудан кайтпай калган. Бексултандын апасы Майрам Закированын айтымында, аны "командири башка үч кызматташы менен кийик уулаганга жөнөткөн".

Жаңылыктар түрмөгү
0