Лас-Вегастагы жеңиш — Арсен Эралиев атаандашын ары-бери көтөрүп чаап, айласын кетирди

Жазылуу
Олимпиадага катышуу үчүн лицензияга ээ болду

Кыргызстандык күрөшчү Лас-Вегас шаарында грек-рим күрөшү боюнча өткөн лицензиялык дүйнөлүк чемпионатта бешинчи орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат мезгилинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Арсен Эралиев Олимпиада оюндарына катышууга укук алды
Финалдык мелдешке чыгуу үчүн болгон кармашта Арсен Эралиев азербайжандык Ровшан Байрамовго утулуп калган. Ал ошондой эле Түндүк Кореялык Вол Чоль Юн менен коло байге үчүн беттеште да алдырып койгон болчу.

Эралиев буга чейинки чейрек финалда венгриялык спортчуну 8:0 эсебинде утуп алган. Ал бешинчи орун менен 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында боло турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. 

Ал 59 килограмм салмакка чейинки категория боюнча күч сынашкан.

Эралиев кыргызстандык спортчулар арасынан лицензия утуп алган экинчи киши. Буга чейин жөө күлүк Юлия Андреева алгачкы лицензияны алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0