Сириядан келген Хожакбар: жихад үчүн убада кылынган 10 миң доллар калп болуп чыкты

Жазылуу
Сирияга барып келген Хожакбар Кармахунов ал жакта кантип жарадар болгонун айтып берди.

РИАнын атайын кабарчысы Сирияда жихадды өз көзү менен көрдү - Sputnik Кыргызстан
РИАнын атайын кабарчысы Сирияда жихадды өз көзү менен көрдү
Жалал-Абаддык жыйырма жаштагы Хожакбар Кармахунов Сирияга барып бир нече жеринен ок жеп, кандайдыр бир себептер менен Түркиянын Конья шаарына жеткирилген. Ал кыргызстандык журналисттерге Сирияга азгыргандар 5-10 миң доллар убада кылгандыгын айтып берди. 

Учурда Кармахуновдун ден соолугу начар, дарыгерлер алган жаратынан улам өпкөсүнүн жарымын кесип салышкан. 

Ал Грозный шаарына акча таап иштегени кетип, тогуз айдан кийин "Ислам тобуна" үгүттөгөндөрдүн кылтагына илинген. 

Аларды Түркия-Сирия чек арасынан "Жабхат ал-Нусра" террористтик уюмунун мүчөсү тосуп алганын айтып берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0