Кыргызстандын гимни дүйнөнүн ар тарабынан жаңырды

Жазылуу
Sputnik маалымат сайты Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата чет өлкөлөрдө иштеп, окуп, жашап жаткан мекендештердин үнүн мамлекеттин гимни менен бириктирди.

Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө — Индонезия, Малайзия, Түркия, Япония, АКШ, Австралия жана Россияда мекендештерибиз кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 24 жылдыгы менен куттукташты.

Болочок офицерлер Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик гимнди аткарышты
Долбоорго чоңдордон тарта кичинекей бөбөктөргө чейин катышты. Маселен, Индонезиянын Бандунг шаарында жашаган Каныбек Уметовдун кызы 1-класстын окуучусу Нургүл атасын видеого тартканга жардам берди.

Эгемендүүлүк майрамын куттуктоого мекендештерибиз чоң ынтызарлык менен катышты.

1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңештин сессиясы мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу декларация кабыл алып, Кыргызстандын эгемендүү демократиялык мамлекет экенин жар салган. 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзам жаңы эгемендүү мамлекеттин түзүлүшүн мыйзам чегинде бекитип берген.

Мамлекеттик майрам 24 жылдан бери масштабдуу түрдө майрамдалып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0