09:52 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Видео

Ала-Тоо аянтында Брежнева, Билан, Лепс жана башка жылдыздар майрам тартуулашты

Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)
166630
© Sputnik / Актан Темирканов

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгын белгиледи. Өлкөнүн башкы аянтында шаардыктар жана калаа меймандары үчүн Франциянын Ottawan тобу жана россиялык жылдыздар Вера Брежнева, Лепс, Дима билан, "Сплин" жана "Город 312" топтору ырдашты.

Концерт 19.00дө башталып түнкү саат бирге чейин болду. Он мүнөткө созулган майрамдык салют иш-чаранын эң орчундуу ирмеми болуп калды.

Тубаса шал оорусу менен жабыркаган 17 жаштагы Данилf Лиходаев сахнанын жанында отуруп концертке күбө болду. Кыялы орундалып сүйүктүү ырчысы Григорий Лепс менен жолугуп, андан кол тамгасы коюлган компакт-диск белекке алды. 

Sputnik агенттиги Даниланын ырчы менен жолугуу туурасындагы тилегин жарыялагандан кийин Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов ага өзгөчө орун бөлүп берүүнү тапшырган

Бардык кечки иш-чаралар россиялык "Фабрика-Арт" компаниясы тарабынан уюштурулса, эстрада жылдыздарынын акысыy жана концерттин техникалык жабдылышын "Газпромнефть-Азия" ишканасы мойнуна алган.

Күндүз палоо фестивалы, Ак Кула ат майданында салбурун, ат чабыш, көк бөрү сыяктуу бир катар майрамдык иш-чаралар өттү.

Эгемен Кыргызстандын курбалдашы Үсөн Каримов да 24кө толуп, өзүнүн түгөйү менен көп жакшылыктарды максат кылып келет.

Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, окуп, иштеп жаткан мекендештерибиз менен келечектеги офицерлер мамлекеттик гимни аткарып, кыргызстандыктарды куттукташты.

1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңештин сессиясы мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу декларация кабыл алып, Кыргызстандын эгемендүү демократиялык мамлекет экенин жар салган. 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзам жаңы эгемендүү мамлекеттин түзүлүшүн мыйзам чегинде бекиткен.

Мамлекеттик майрам 24 жылдан бери масштабдуу түрдө майрамдалып келет.

Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)

Тема боюнча

Эгемендүүлүк күнү: Ала-Тоодогу көңүл жаркыткан майрамдык маанайдан ирмемдер
Болочок офицерлер Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик гимнди аткарышты
Белгилер:
концерт, Ала-Тоо аянты, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Город 312, Дима Билан, Григорий Лепс, Вера Брежнева, Сплин, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ