/i/logo-itemprop.png
https://sputnik.kg/video/20150831/1017821919.html
"Ак Куладагы" жорго салыш, көк бөрүнү куш учкан бийиктиктен алаканга салгандай көрөбүз
Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ак Кула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу андан сырткары аламан чабыш, жорго салыш боюнча мелдеш өттү. Бул иш-чара ат оюндарын сүйгөн кыргызстандыктар үчүн жыл сайын өткөрүлүп келет.
https://nfw.ria.ru/flv/file.aspx?nolog=1&ID=3886346&type=mp4
/i/thumbnail/background_16x9.jpg
/i/thumbnail/background_4x3.jpg
/i/thumbnail/background_1x1.jpg
PT1M03S
2015-08-31T14:47Z
Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ак Кула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу андан сырткары аламан чабыш, жорго салыш боюнча мелдеш өттү. Бул иш-чара ат оюндарын сүйгөн кыргызстандыктар үчүн жыл сайын өткөрүлүп келет.
Көк бөрү боюнча мелдеште Таластын командасы экинчи жыл катары менен президенттин кубогуна ээ болду.
Күлүктөрдү 2400 метрге чабуу боюнча марага биринчи болуп Чолпон-Атадан Жеңиш Батыркуловдун Көк-Жалы келди.
©
Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кунан чабууда 11 чакырымды өтүп, биринчиликти Ысык-Атадан Донна алды. Саяпкери — Нурлан Медербеков.
Жорго салышта Нарындан катышкан Авазкан аттуу бала Ганг аттуу суу төгүлбөсү менен марага биринчи жетти.
Ал эми күлүктөрдөн 11 чакырымдык аралыкты кара-балталык саяпкер Данияр Буйурса аты менен биринчиликти алып кетти.
Ат оюндарынын жалпы фонду үч автоунаа жана 500 миң сом деп белгиленген. Көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү миллион сомго ээ болушту.