Скифтердин суу алдындагы шаары. Ысык-Көлдүн түбүнөн алынган алгачкы кадрлар

Жазылуу
Скифтер шаарынын жакынкы күндөрү табылган урандысына болжол менен 2,5 миң жыл толгон. Окумуштуулардын пикиринде, Ысык-Көлдүн түбү бир кезде Улуу Жибек жолунун аймактарынын бири болгон.

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдү россиялык суучулдар изилдөөгө алышат
Кыргызстандын археологдору менен Россиялык суучулдардын "СКАТ" (Томск Университети) деп аталган клубунун биргелешкен экспедициясы Ысык-Көлдүн түбүнөн скифтердин байыркы шаарынын урандыларын тапты. Бул туурасында суучулдар тобунун жетекчиси Дмитрий Горн билдирди.

Аквалангчылар баасы ченемсиз бир топ оокаттарды алып чыгышты. Суу түбүнөн чопо кумараны, андан башка бир топ чопо идиштерди, металл зергер буюмдарды жана башка артефактыларды кургакка алып чыгышты.

Анын айтымында, скифтердин жашап өткөн доорунан кабар берген бул буюмдар, окумуштууларга буга чейин эле белгилүү болгон. 

"Алдын ала маалыматтарда шаарга болжол менен 2,5 миң жыл болгон жана Ысык-Көлдүн түбү бир кезде Улуу Жибек жолунун аймактарынын бирине кирген", — деп айтты Горн.

Изилдөө иштери Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Кыргыз-Россия Славян университетинин археологдору тарабынан академик Владимир Плоскихтин жетекчилиги алдында жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0