Бишкектеги "бомбаны" зыянсыздандыруу операциясы — окуя болгон жерден кадрлар

Жазылуу
Борбор шаардын Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде турган чемодан шек жаратып, ары-бери өткөндөр дароо милицияга кабарлашкан. Окуя болгон жерге саперлор тартылды.

Бомба салынды делген баштыктын ичинен кийим-кече чыкты
Жума күнү Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар калтырып кеткен шектүү чемодан тууралуу ИИМге күбөлөр билдирген. Аталган аймак курчоого алынып, саперлор тартылган.

Атайы кызматтар бомбаны зыянсыздандыруу иштери жүргүзүп, кийин чемоданда кийим-кечеден башка эч кандай жардыруучу заттын жок экенин аныктаган. Учурда укук короо органдары чемодандын ээсин издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0