Мээнети акталбаган дыйкандар, баасы түшкөн дарбыздар

Жазылуу
Дыйкан Назаровдун айтымында, КРдин бажы көзөмөл боюнча жаңы эрежеси өтө эле кеч иштей баштады. Андыктан алар мээнет менен өстүргөн дарбыздарын өлкөнүн ичинде арзан баада сатууга мажбур болушууда.

Бизнесмен: кыргыз ишкердиги жалпы дүйнөлүк стандартка өтүшү керек
Кыргызстанда учурда дарбыздын орточо баасы 4-5 сомдун ортосунда болуп жатат. Былтыр бул маалда бир килограмм 10 сомго жакын эле.

Дарбыз айдаган Бегали Назаров дыйкандарды көбү өлкө Еразиялык экономикалык биримдикке кирет деген ниет менен тер төгүп мээнеттенгенин айтып берди. Албетте, алар өстүргөн продукциясын Казакстанга сатабыз деген ойдо болушкан. Бирок бажы көзөмөл боюнча жаңы эреже өтө эле кеч киргендиктен, алар мээнет менен өстүргөн дарбыздарын өлкөнүн ичинде өтө арзан, кеткен чыгымдарын актабаган баада сатууга мажбур болушууда.

Даамдуу дарбыз тандоо эрежелерин Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0