Боомдун үстүнөн тартылган видео автотыгынды алаканга салгандай көрсөттү

Жазылуу
Учурда Боомдогу жол эки тарабынан тең ачылып, каттам жанданды. Өкмөт бул ыңгайсыздык үчүн элден кечирим сурады.

Кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боомдогу автотыгында 76 жашар кемпирге медициналык жардам көрсөтүлдү
Боом аркылуу өткөн Бишкек—Балыкчы жолунун 131-чакырымындагы автотыгынды Ысык-Көлгө бараткан жүргүнчүлөрдүн бири Денис Ярёменко бийиктиктен видеого тартып алган. 

Шаршемби күнү жүргүнчүлөрдүн бири Боом аркылуу өткөн Бишкек—Балыкчы жолунун 131-чакырымында кум, шагыл эшилип түшүп, жолду тосуп, анын кесепетинен бир нече чакырымга созулган автотыгын жаралганын билдирген.

Эртеси, бейшемби күнү Боомдогу жагдай жайгаштырылып, жол тазаланып, каттам жанданган. Тиешелүү кызматтар таңкы алтыга чейин иштеп, кум, шагылды тазалаган. 

Учурда Боомдогу жол эки тарабынан тең ачылып, каттам жанданды.Өкмөт бул ыңгайсыздык үчүн элден кечирим сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0