Атамбаев Тамчыдан Назарбаевди кучак жайып тосуп алды

Жазылуу
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга иш сапары менен келди деп билдиришти КР президентинин маалымат кызматынан.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен келди. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Ысык-Көлдө Назарбаев менен жолукту
Казак президентинин учагы Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конуп, аны  мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алды. 

Эки өлкөнүн жетекчилери "Рух ордо" маданий борборунан телекөпүрө аркылуу ЕАЭБ алкагында "Ак Жол" көзөмөл өткөрүү жайында кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн алып салуу салтанатына күбө болот.

Жумушчу сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташуусу боюнча актуалдуу маселелелерди талкуулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0