Данияр Нарымбаев кармалышы боюнча тарап кеткен имиштерге түшүндүрмө берди

Жазылуу
Экс-депутат Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн пара алган деген маалымат чыккандан кийин Данияр Нарымбаев чукул маалымат жыйын өткөрдү.

Аны эч ким кармабаганын жана суракка чакырбаганын билдирди. Ал ошондой эле, пара алды деп шектелип аткан ЖК депутаты Коркмазов чындап эле ага Түлеевдин кызын кабыл ал деп кайрылганын айтты

"Хаджимурат Коркмазов Түлеевдин кызын кабыл ал деп чынында эле мага кайрылган. Мен андан баш тарттым, себеби, аны буга чейин жардамчымдын көзүнчө кабыл алгам, экинчи жолу Чыныбай Турсунбеков менен чогуу кабыл алгам. Анда мага экс-депутаттын камакка алынган мүлктөрүнүн арасында мыйзам боюнча камакка алынбай турган мүлктөрү да бар экенин айткан. Кийин ушул эле маселе боюнча Түлеевдин бир тууганынан президенттин аппаратына арыз да келип түшкөн", — деди ал.

Нарымбаев экс-депутаттын тууганына бул маселе боюнча Жогорку сотко кайрылуусу керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0