Милиция түнкү рейд учурунда Бишкекте 35 "көпөлөк" кызды кармады

Жазылуу
Түнкү текшерүүдө борбор калаада сойкулук менен алектенген отуз беш кызды кармаган шаардык милиция аларды түшүндүрүү иштеринен кийин коё беришти.

Шаардык милициянын №10 Свердлов райондук ичи иштер бөлүмү "Көпөлөк" деп аталган рейд жүргүздү. Жыйынтыгында, жеңил жүрүм-турумдагы 35 кыз кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

"Кармалган кыздардын ким экендигин тактадык, манжаларынын издерин алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коё бердик", — деди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев.

Ал эгерде бул кыздар кайрадан кармалса, иши сотко өтөрүн кошумчалады. 

Маалымат катчысы акыркы учурда кыздарды сойкулукка азгырган учурлар көбөйгөндүгүн айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0