"Тумар Арттын" кыздарынан кыл кыяк кайрыктары

Жазылуу
Өнөрпоз кыздар кыл кыяктан тышкары, темир ооз комузда, комузда кол ойнотушат. Келечекте үйлөмө аспаптарды үйрөнүүгө да белсенишүүдө.

Кыл кыяктын коштоосунда секирген Айнуранын тактекелери
Ары сырдуу, ары муңдуу кыл кыяктын ыргагын заман шартына шайкеш келтирип, аспапта аткарылчу чыгармаларды  элге кеңири жайылткан "Тумар Арт" тобунун түзүлгөнүнө бир жылдан ашты. Топтун түзүүчүлөрү Залина Касымова, Айнура Бердигулова жана Бактыгүл Асанкулова тырмактай кездеринен баштап кыл кыяктын сырын билүүгө аракет кылып келишет.

Кыл кыяктан тышкары, өнөрпоз кыздар темир ооз комузда, комузда кол ойнотушат. Келечекте үйлөмө аспаптарды үйрөнүгө да белсенишүүдө. "Тумар Арт" тобу бүгүнкү күндө улуттук маданиятка кызыгып, аны профессионалдык деңгээлде өнүктүрүүгө аракет кылган жаштардан. 

Бул чыгарманы кыздар топ түзүлгөндө жакшылыктардын башаты болсун дер ырымдап, "Тумар" деген ат менен алып чыгышкан. Чыгарма  музыкант жана аранжиркалоочу Азамат Отунчиевге таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0