Сариев эмне үчүн Баңгизаттары боюнча кызматтын жетекчилерин алмаштырганын айтты

Жазылуу
Шаршемби күнү Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматынын жетекчиси Алымбай Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын өз каалоосу менен жазганын өкмөттөн билдиришти. Анын ордуна Рафик Мамбеталиев дайындалып, аны премьер-министр Сариев өзү жамаатка тааныштырды.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери ыркы келишпегендиктен кызматтан алынды
Ал аталган күч түзүмүнүн жетекчиси эмне үчүн алмашканын түшүндүрдү. Сариевдин айтымында, Султанов кызматтын ишинн башкарууда бөлүнүп-жарылууларга жол берген. 

"Мамлекеттик орган жетекчиси менен орун басарлары бири-биринин үстүнөн арызданганы менин практикамда биринчи жолу болуп отурат, мындан улам ал кызмат жабыр тартууда", — деди өкмөт башчысы. 

Премьер бир дагы ведомство аталган мамлекеттик кызмат менен иштешүүнү токтотпогонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0