Түбөлүк кыймылдаткыч жасоого боло турганын кыргызстандык студент далилдөөгө ниеттенүүдө

Жазылуу
Исхак Раззаков атындагы Политехникалык университеттин машина куроо факультетинин биринчи курсунун студенти Дастан Абдрахманов өзү ойлогон жаңы генератору жасай алса, физиканын айрым мыйзамдары жокко чыгышы мүмкүндүгүн айтат.

Физикада энергия бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт деген мыйзам бар. Эгер Дастан Абдрахманов ойлоп жүргөн идея ишке ашып калса, физиканын ошол мыйзамы жокко чыгышы ыктымал экен.

"Биз жасай турган генератор эч нерсенин жардамы жок эле, өзүнөн өзү ток чыгарат. Энергияны иштеп чыгуу үчүн ага сөзсүз түрдө бир несенин жардамы керек. Мисалы, ГЭСте сууну колдонот, ТЭЦте көмүрдү күйгүзүп анан ток чыгат. Буюрса, биздин генератор жасалып калса, альтернативалуу электр энергиясынын булагы катары колдонулат", — деди ал.

Абдрахманов мындай генераторду жасоону мектеп жашынан бери эле кыялданып келет. Учурда анын үлгүсүн жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0