Мен аларды өз балдарымдай жакшы көргөм — Токтогон апа Ленинграддан келген балдар тууралуу

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Токтогон апа Ленинграддан келген 150 балага эне болгон. Наристелерди мээримине бөлөп, бооруна тартып, камкордугуна алган 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова балдарга өз энесиндей болуп калган.

Дарыгерлер менен биргеликте ал көз божомолу менен балдардын курагын аныктап, аларга ысым ыйгарган. Наристелердин аты-жөнү жазылып, колдоруна байланган чүпүрөктөр менен Ленинграддан Ысык-Көлгө чейин жолду катар ыйлаган балдар көз жашын аарчып келгендиктен, андагы жазуулар өчүп калган. Наристелер он жылдан ашуун заводдун жатаканасында жашап келишкен.

"Мен балдарымды дайым күтөм, аларды кучагыма алып, учурашкым келет", — дечү Токтогон апа.

Атамбаев: Токтогон апа 16 жаш күлгүн курагында 150 балага эне болгон
Токтогон Алтыбасарова 91 жаш курагында 11-июнь күнү көз жумуп, Түп районундагы өзүнүн Күрмөнтү айылына коюлду. 

Алтыбасарова айылдык кеңештин катчысы болуп 44 жыл иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон жубайы менен төрт уул, төрт кызды тарбиялап өстүрүп, 23 небере, 13 чөбөрө көрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0