Манасчы Үмөт Тайторуну чаптырып, жети хандын чатагын айтты

Жазылуу
Маданияттын мыкты кызматкери, он жашар манасчы Үмөт кыялындагы Манасты сүрөттөп берди

Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт: эмне кылсаңар да Манас ата өлбөйт
Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов суроого бир аз ойлоно калып жооп берген,  Манас боюнча өзүнүн эч кимге бербеген чоң ишеними бар, жакпаган нерсесин так кесе айткан бала болуп өсүп келе жатыптыр. Манасчылык өнөрү улам күчөп бара жатканы байкалып турат.

Жакында эле он жашар Үмөт "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наам ыйгарылды. 

Биз менен болгон жолугушуусунда эпостон үзүндү айтып берип, анын ортосунда Манастын баатырдыгын, алптыгын өзүнүн дүйнөсү менен түшүндүрүп да жатты. 

"Манас атанын оң ийинине, үчтөн киши баткыдай алп экен. Жанында жүргөн кара чаар арстаны бар, үстүндө айланып учкан алп каракушу, Аккула деген аты бар. Манас ата балбандардын ортосунан өтүп кеткенде эле алтымыш балбан жыгылып түшөт", — деди ал күүлөнүп.

Ал бизге "Манас" эпосунан  Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Каныкейдин Тайторуну чапканы" менен "Жети хандын чатагын" айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0