Атамбаев Пан Ги Мун менен англис тилинде саламдашты

Жазылуу
КР президенти Алмазбек Атамбаев менен БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Бишкекте жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолукту. Ал Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Жолугушуу учурунда Атамбаев Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун дүйнөдөгү тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылууда жана глобалдуу маселелерди чечүүдө абройлуу эл аралык уюм деп эсептерин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанга берилген жардамдар үчүн башкы катчыга ыраазычылык билдирди.


Жаңылыктар түрмөгү
0