Бороон-чапкын шаардыктардын шаштысын алды

Жазылуу
Бишкекте 8-июнда кечинде башталган шамал шаарга бир топ зыян келтирди. Бактар тамыры менен омурулуп, жарнамалык ири шиттер түбү менен кулап, жолдорду тосуп калды.

Иваницын Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кулаган дарак. - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги шамалдан улам шаардын көп жеринде бактар кулап, кыймылды кыйындатып жатат
Электр зымдары үзүлүп, жол чырактары иштебей, автотыгын пайда болду. Тиешелүү шаардык кызматтардан жардам күтүп отурбай, жүргүнчүлөр менен айдоочулар кулаган бактарды өздөрү жол четине сүйрөп чыгарышты. Борбордук Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу шамалга чыдабай айрылып кетти. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгымдарды эртең менен санай тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0