Чак түштө тигүү цехинде чыккан өрт

Жазылуу
Мадина базарындагы тигүү цехинде чыккан өрт тууралуу ӨКМ өрт өчүрүү кызматына саат 13.41де маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүгө төрт машина чыгып, саат эки жарымда өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөнгөн жайдын жалпы аянты 300 чарчы метрди түзөт. Өрт Чынаров менен Менделеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Мадина базарынын жанындагы эки кабаттуу тигүү цехинде чыгып, имараттын экинчи кабаты жана чатыры күйүп кеткен.

Кырсыктан жабыр тарткандар болгон жок. Ишкана жетекчисинин билдирүүсүндө кырсыкка кытайдын сапатсыз өткөргүчү себеп болгон.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0