Кыргыздын боз үйү Бонн шаарынын борборуна тигилди

Жазылуу
Германиянын Бонн шаарында 31-майда дүйнө элдеринин маданият майрамы өттү. 170ден ашык улуттун өкүлдөрү жашаган бул калаада уюштурулган майрамда ар кыл элдин маданияты жана салттары тааныштырылды.

Германиянын Бонн шаарынын башкы аянтында жасалгасы мыкты кыргыз боз үйү тигилди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын экспозициясы көптөрдүн купулуна толуп, ал тургай жергиликтүү гезит-журналдардын беттерине жана телеканалардын эфирине эң көп чыгарылган. Мындан соң Вестфалиянын Түндүк Рейн аймагынын жашоочулары агылып келип, алыскы кыргыз элинин маданиятын чагылдырган буюм-тайымдар менен ынтаа коюп таанышып жатышты. 

 
Жаңылыктар түрмөгү
0