Колго түшкөн "Карышкыр" күч органдарынын суроолоруна жооп берүүдө

Жазылуу
"Карышкыр" каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Москвада кармалганын КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Умырзаков Мурсамлы Узакович Карышкыр деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Криминалдык авторитет "Карышкыр" Москвада кармалды
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча болжол менен кечки саат 6.20лар чамасында РФ ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте болгон ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө "Строймастер" курулуш базарынын аймагынан төмөндөгүлөр кармалган:

Өмүрзаков Мурсалим Узакович, 06.04.1975-жылы туулган. Ысык-Көл облусунун Сары-Тологой айылынын тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон, "Карышкыр" деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Аны кармоо учурунда курал-жарак жана 31,6 граммдык нашаа табылган.

Макаилов Мирлан Эрмаматович 19.05.1984-жылы туулган. Жалал-Абад шаарынын тургуну, Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү боюнча айыпталып мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Кармалган жарандар камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0