Кыл кыяктын коштоосунда секирген Айнуранын тактекелери

Жазылуу
Айнура Бердигулова азыркы кыргыз фольклоруна таандык болгон кыл кыяк менен тактеке ойноткон бирден-бир музыкант. Учурда ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинде иштейт.

"Көп эмгекти талап кылат. Беш педаль бир учурда ойнолот, баарын башкарыш керек. Алгач, оор болду, дагы көп эмгек бар алдыда, тактекелерди дагы ийкемдүү кылыш керек", — дейт Айнура.

Айнуранын тактекелери азыр жетөө. Кыл кыяктын күүсү чыкканда, төрт теке алдыда ары-бери тегеренет, ортодо экөөсү секирип сүзүшөт, эң төбөсүндө бирөө турат. 

Күүнүн автору — Нурлан Нышанов, тактекелерди ээр уста Жылкычы Шаршенбиев жасаган.

Биздин замандаштардын акыркыларынан комуз менен тактеке ойноткон Нурак Абдрахманов болгон. Буга чейин ооз комуз жана комуз менен ойнотуп келишкен.


Жаңылыктар түрмөгү
0