Бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроону жол эрежелерин бузуу менен белгилешти

Жазылуу
Бишкек шаарында акыркы коңгуроону белгилөө көптөгөн жол эрежелерин бузуу менен коштолду. Sputnik сайтынын кабарчысы бир нече эреже бузууларды тартып алды.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроосу белгиленип жаткандыктан шаардык ИИББдин Жол кайгуул кызматынын жеке курамы толугу менен жумушка чыкты. Бул тууралуу Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева билдирди.

Жанабаеванын айтымында, акыркы коңгуроого 2-3 күн калганда окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Мектептердин директорлору алардын окуучулары жол эрежелерин бузбай тургандыгы боюнча милдеттенмеге кол койгон. Ошондой эле, 12 лимузиндин айдоочусуна эгер балдар терезеден чыгып алып тартип буза турган болсо, машиналар айып төлөөчү жайларга токтотула турганы боюнча колдорун койдуруп алганбыз", — деди ал.

Ал ошондой эле, саат түшкү төрттөргө чейин жол эрежесин бузуу боюнча маалымат келип түшпөгөнүнү кошумчалады.

Андан сырткары 103 "Тез жардам" кызматына да бүтүрүүчүлөргө байланышкан телефон чалуулар келип түшкөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0