Ондогон тонна балыктардын кырылышы. Сокулуктагы экологиялык кооптуулук.

Жазылуу
Сокулук районунун Романовка айыл аймагындагы бир нече ири көлмөлөрдө балыктардын кырылышы байкалган.

Сокулук районундагы көлмөлөрдө балыктар кырылууда
Алдын ала маалыматтар боюнча, балыктар чочко фермасынан агып чыккан калдыктардын сууга кошулушунан улам кырылууда.

Алты көлмөдөн турган каскаддан чыккан суу талааны сугарууга керектелип, андан ары Казакстанга кетет. Ал эми жергиликтүү тургундарга бул балыктарды жегенге болбой тургандыгы эскертилген. 

"Бул көрүнүш аймак үчүн экологиялык катастрофа", — деди ууланган көлмөлөрдүн биринин ээси Владимир Смышляев.

Көлмөнү ижарага алып иштеткендер чочко ферманын жетекчисин сотко берүүгө даярданышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0