ЭКСПО-2015: италиялыктардын оозун ачырган кыргызстандыктар

Жазылуу
ЭКСПО-2015 көргөзсмөсүндө кыргызстандыктардын павильонунун жасалгасы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Заманбап технологияны колдонуу менен боз үй формасында жасалгаланган павильонго келген көрүүчүлөрдүн саны арбын.

Муну ЭКСПО-2015 көргөзсмөсүндө Кыргызстандын атынан жүргөн кантри-офицер Тимур Войнов дагы тастыктады.

"Алардын пикирлери абдан жакшы, башка павильондорго салыштырмалуу бизде 20-30 мүнөткө көп болушууда. Бул да жакшы көрсөткүч", — деди Войнов.

Ал ошондой эле, көргөзмөнүн аягына чейин Кыргызстандын павильонун эки миллиондой киши көрөт деп күтүп жатышканын кошумчалады. Келгендер видеодогу улуттук колоритке жана Кыргызстандын кооздугуна кызыгышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0