Самаковду кантип кармашкандыгын анын жактоочусу айтып берди

Жазылуу
Депутат Карганбек Самаковдун жактоочусу Аскарбеков Арстанбектин айтымында, аны Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырып, ошол жерден кармаган.

"Самаковдун кармалышын мыйзамсыз деп эсептейбиз жана прокуратуранын аракетин сотко беребиз", — деди анын жактоочусу Аскарбеков.

Карганбек Самаков жума күнү, 15-майда жердин Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу бир нече гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алды деген шек менен кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0