Ысык-Көл: дайверлер балыкты браконьерлердин эски торунан чыгарууда

Жазылуу
Тосор айылындагы көлдүн аймагында браконьерлер тарткан торлор көп. Суу алдында тордон башка таштандылар да көп экенин видоеодон даана көрүүгө болот.

Видеонун автору Олег Лопатконун айтымында, мындай кейиштүү көрүнүш балык кармоого боло турган көлдүн бардык аймагында бар.

"Суу алдында бир нече чакырымга чейин созулган торлор бар. Балыктардын баарын кармап бүтүштү. Бир канча жыл мурун суу алдына түшкөндө балыктарды көрчүбүз, азыр аларды  чанда гана кезиктирсе болот", — деди ал.

Лопатко ошондой эле, суу алдындагы таштандылар да көйгөй жаратып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0