Белгилүү мушкер Алмазбек Раимкулов президентке кайрылды

Жазылуу
Дүйнө чемпиону Хоэль Касамайорга чакырык таштоону пландаган Алмазбек Раимкулов бул беттешти Кыргызстанда өткөрүүгө жардам берүү үчүн Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Мушкер спорттук иш чарага конок катары Майк Тайсон, Рой Жонс-кичүүсү жана башка дүйнөлүк бокстун жылдыздары келерине сөз берүүдө.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү мушкер Алмазбек Раимкулов (Kid Diamond) профессоналдык бокс боюнча дүйнө чемпиону Хоэль Касамайордон реванш алууну пландап, аталган беттешти Кыргызстанда уюштурууга жардам сурап президентке кайрылды.

Раимкулов: Мейвезерди мурунга муштап, эми сен "красавчик" болбой калдың дедим
Профессионалдык бокс боюнча АКШнын төрт жолку чемпиону Раимкулов спорттук иш чарага конок катары Майк Тайсон, Рой Жонс-кичүүсү жана башка дүйнөлүк бокстун жылдыздары келерине сөз берүүдө.

Мушкер аталган маселе боюнча президенттин администрациясына кайрылган, бирок аны кезек тизмесине жазышкан. Ал тизме боюнча Раимкулов эки миңинчи орунда.

Кыргыз мушкери спортту жаңы долбоорлор менен колдоо үчүн мекенине келгенин буга чейин маалымдаган болчу. Май майрамдарынан кийин ал кайтадан АКШга кетет.

WBC версиясынын жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону титилу үчүн болгон беттеш Мэдисон Сквер гарден (Нью-Йорк, АКШ) аянтында 2005-жылы болгон. Калыстардын чечими менен оюн тең чыгуу менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0