Кулов ЖК жыйынында көпчүлүк коалиция премьерликке Сариевди тандагандыгын айтты

Жазылуу
Парламенттин бейшемби күнкү пленардык жыйынында Феликс Кулов коалициянын көпчүлүктүн Темир Сариевди өкмөт башчылыкка сунуштаган чечимин депутаттарга жарыя кылды.

"Парламенттеги коалициялык көпчүлүк КР өкмөтү жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 10-беренесине ылайык, өкмөт башчы кызматына Сариев Темирди көрсөтөт",—деди Кулов.

Бул туурасында 29-апрелде коалициянын жетекчиси Феликс Кулов Sputnik сайтына билдирген.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0