Террорчуларды жок кылуу: 5 өлкөнүн аскерлери биргелешип машыкты

Жазылуу
Террорчулар менен күрөшүү боюнча машыгуу ШКУнун алкагында Чүйдүн Шамшы капчыгайында өттү. Алдын ала даярдык көргөн операцияларга Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан жана Тажикстандын атайын даярдыктагы аскерлери катышты.

ШКУнун алкагында өткөн антитеррордук машыгуулар төрт күнгө созулду. Анда Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан жана Тажикстандын атайын даярдыктагы аскерлери мыйзамсыз бандалык топторго Шамшынын капчыгайынын тоо-таштуу шартында тоскоолдук жаратып жана жок кылуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди аткарышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0