Зарина Макен Алыкул Осмоновдун "Сүйүү жана мен" деп аталган ырын окуйт

Жазылуу
Жаш окумуштуу жана коомдук ишмер, Зарина Макенге акындын котормолору өзгөчө жакын жана азыркы кезге чейин кайталап окуп турат. Франциядагы илимий техникалык университеттин магистри, Россиянын дипломатиялык Академиясынын аспиранты Зарина сиздерге "Сүйүү жана мен" ырын кыргыз жана француз тилдеринде окуп берет.

"Алыкул Осмоновдун чыгармалары мага интернационалдык духу менен жакын. Дүйнөлүк бир топ шедеврлерди кыргыз окурмандары Алыкул аркылуу тааныды. Кийинки муундардын да улуу акынга кызмат кылууга мезгили келди деп ойлойм. Мен анын "Сүйүү жана мен" деген ырын француз тилине котордум. Эми акындын махабат лирикасы сүйүүнүн тилинде да окулсун", — дейт Зарина Макен.

Акын "Сүйүү жана мен" деген ырында жеке өзүнүн башынан өткөргөн сезимин билдирип, ал көңүл калуу менен коштолуп, азаптуу болсо да даңктала тургандыгын айтат.

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштады. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын эне тилинде окуй алышты.

Долбоордун техникалык өнөктөшү "Алиппе ТВ" ААКга ыраазычылык билдиребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0