Йемендеги кыргызстандыктар РФ ӨКМдин жардамы менен мекенине кайтты

Жазылуу
Йемендеги россиялыктарды жана КМШ мамлекеттеринин жарандарын эвакуациялаган Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экинчи учагы жума күнү түндө "Чкаловский" аэродромуна келип конду.

Йемендеги жарандар өлкөдөгү оор абалдан улам чыгып кетүүгө мажбур болууда. Алардын катарында Россиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Польшанын, Украинанын, Йемендин жана Тажикстандын жарандары бар. Колуна баласын кармаган жүргүнчүлөр учактан түшүп жатканын видеодон көрүңүз.

Йемендеги саясый абал катаалдашып кеткендиктен өлкөдө баш аламандык болууда. Өлкөнүн түштүгүндө "Аравия жарым аралындагы Аль-Каида" террордук тобу ишмердигин жүргүзүп жатат. Өлкөнүн борборунда президентти колдогон армия менен хуситтердин тарапташтары атышууда.


Жаңылыктар түрмөгү
0