Авланбек Жумабаев Алыкул Осмоновдун "Мен кыргыздын акыны" деп аталган ырын окуйт

Жазылуу
Медиа-эксперт, Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Авланбек Жумабаевге Алыкулдун ырлары жаштайынан тааныш. Убактысы боло калганда анын китептерин барактап, ырларын окуп турарын айтат. Ал тажрыйбалуу котормочу катары Осмоновдун котормосундагы Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры" түп нускасынан мыкты чыккандыгын айтты.

Алыкул Осмонов "Мен кыргыздын акыны" аттуу ырында акындыктын күчү менен коомдогу таза эмес тараптарды, көлөкөлүү иштерди ашкерелей тургандыгын жар салат. 

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштады. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын эне тилинде окуй алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0