Жылдызкан Жолдошова Алыкул Осмоновдун "Акын" деп аталган ырын окуйт

Жазылуу
КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдызкан Жолдошова Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына өзгөчө урматтоо менен мамиле кылаарын айтат. Ал акындын поэзиясын жаштар арасында жайылтууну колго алуу керек деп эсептейт.

Алыкул Осмонов "Акын" аттуу ырында сөздүн баркын, сөздүн күчү менен касиетин таба билген акын адамдардын жашоосуна жакшылык тартуулаарын айткысы келген. 

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштады. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын эне тилинде окуй алышты.

Долбоордун техникалык өнөктөшү "Алиппе ТВ" ААКга ыраазычылык билдиребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0