Көк бөрү боюнча "Нооруз-2015" республикалык турнирде "Сары-Өзөн" командасы жеңүүчү аталды

Жазылуу
21-март күнү Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында "Нооруз-2015" республикалык турнирдин финалдык оюндары өттү. Биринчи орун үчүн Талас облусунун "Талас", Чүйдүн "Сары-Өзөн" командалары беттешип, 1:2 эсебинде Чүйдүн командасы жеңип чыкты.

21-март, Нооруз майрамында борбор калаадагы "Ак-Кула" ат майданында "Нооруз-2015" республикалык турнирдин финалдык оюндары болду. Биринчи орун үчүн Талас облусунун "Талас" жана Чүйдүн "Сары-Өзөн" командалары беттешип, Чүйдүн командасы биринчи болду. Үчүнчү орун үчүн "МДВ" менен "Бөрүлү" командалары беттешип, жеңишке "МВД" командасы ээ болду. 

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0