КР Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен коштошуу

Жазылуу
Мамлекеттик, спорт жана коомдук ишмер, эркин күрөш боюнча СССР спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Саралиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандын спорт чөйрөсүнүн, өкмөттүн өкүлдөрү жана Саралиновдун жакын санаалаштары келди.

Мурат Саралинов акыркы убакта КР Улуттук олимпиада комитетин жетектеп турган. Ал 13-марта 54 жыл жашында жүрөк оорусунан каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0