Ооруну аныктоодо төрт буттуу жандыктар жардамга келет

Жазылуу
Америкалык окумуштуулар шишик оорусун аныктоодо итти пайдалауу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө. Алар рак клеткаларын биологиялык үлгүлөрдөгү жытынан таанууга жаныбарларды үйрөтүп жатышат.

Диагностикалоо ыкмасы өтө жөнөкөй: иттерге бир нече зааранын үлгүлөрүн жыттатып, андан соң алардын жүрүм-турумуна байкоо салышат. 

"Бул шишик оорусу бар үлгүгө ал (ит – ред) бере турган белги. Тагыраак айтканда ал жерге жатып алат. Эгер үлгүдө оору жок болсо, ал мына минтет, карңүыз, ал тетири бурулуп кетти. Бул форманын астында эч нерсе жок. Ал шишиктин жытын издеп жатат", — деп айтып берди Арканзастын медициналык илимдер университетинин профессору Арни Феррандо.

Окумуштуулардын эсеби боюнча, иттер коркунучтуу шишикти коркунучсузунан 88 пайызга так ажырата алат. Мындай жол менен келечекте калкан бездин, эмчек безинин, аналык бездин, бөйрөктүн, табарсыктын жана урук безинин шишик ооруларын аныктоого болот еп эсептешет изилдөөчүлөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0