Кыргызстан менен Россиянын президенттери Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүн талкуулашты

Жазылуу
Москва шаарында мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстандын кошулушу тууралуу келишимге кол коюлду. Келишим 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Бирок, Кыргызстан азырынча байкоочу укугунда гана.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуп калаарына ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталгандыгын белгиледи. "Кыргызстан үчүн бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө эсептөөнүн өлчөмү, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифинин колдонулушунун жана кыргыз-казак чек арада бажы контролун алып салуунун даталары аныкталды", — деди Атамбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0