АКШ: жүк ташуучу космос кемеси учуп жатканда жарылып кетти

Жазылуу
Шейшембинин кечинде Виргиния штатына караштуу Уоллопс аралындагы космодромдо ракетаны орбитага алып чыгуучу Antares кемеси уча электе эле жарылып кетти.

Ал орбитага жүк жүктөлгөн Cygnus кемесин жеткирмек. Жарылуу жергиликтүү саат боюнча 18:23тө катталган. Кеменин учушун түз алып көрсөтүп жаткан НАСАнын сайтынан көргөндө кеме асманга көтөрүлбөй жатып алты секундадан соң жарылып, жерге кулап түшкөн. Окуядан бир да адам жапа чеккен жок.

Коммерциялык космос жүк ташуучу кемеси эки миңден ашуун тонна жүк, тамак аш алып барышы керек болчу.

Antares ракетасын Orbital Sciencе жеке фирмасы курган. НАСА менен келишимдин негизинде иш жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0