Сүйлөсөк тилден чаң чыгат, жаза келгенде канттик? Тест

© Sputnik / Табылды КадырбековСелкинчек ойноп жаткан жаштар. Архив
Селкинчек ойноп жаткан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр эл интернеттешип кеткен заманда тилекке каршыбы же бактыга жарашабы, айтор, сабатсыздыкты жашырганга да болбой калды. Сүйлөсөк тилден чаң чыгат, жаза келгенде эле жаздым басып, каталарыбыз "кудайга шүгүр". Мунусуна кызарган деле кишилер аз...

Sputnik Кыргызстан туура жазуу боюнча кезектеги тестти окурмандарга тартуулап, сабаттуулугуңузду текшерип көрүүнү сунуштайт.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр. Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз. Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0