Депутаттай ката жазбайсызбы? Тест

Жазылуу
Кыргызстанда ката кетирбей жазган кишини табуу сейрек кездешип бара жаткандай. Орто билимдүү эмес, бир нече жерден жогорку билим алган Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары жазганда кетирген каталары учурдагы сабаттуулуктун деңгээлин көрсөтүп турат окшойт.

Sputnik Кыргызстан депутаттардын биринин социалдык тармактагы баракчасына көз салып, жазган постторунун текстиндеги каталардан сабаттуулук боюнча тест түздү.

Төмөндө берилген үч варианттын бири туура жооп, эки жооп — натуура. Туура эмес эки варианттын бири — эл өкүлү кетирген ката.

Каалаган окурман бул тесттен өтүп, депутат менен сабаттуулугун салыштырып көрсө болот.

Биздин сайтта эң бир сонун, кызыктуу, андан сырткары тамаша аралашкан тесттер бар.

Эгерде макалдар боюнча тесттен өтөм десеңиз, ал даяр.

Онлайн-диктант жазгыңыз келсе, ал каалооңузду да орундатууга даярбыз.

Мага табышмак боюнча тест керек десеңиз, ал мүдөөңүздү да аткарабыз.

Буга чейин ал али укпаган сөздөр боюнча тест керек, өтүп билимимди текшерем десеңиз, аны да аткарабыз.

Кыргызстан жөнүндө тест керек десеңиз, ал да даяр.

Баса, Facebook тармагындагы баракчадан "Кызыгы көп кыргыз тил" деп аталган баракчага кирип, 100гө чукул тесттерден өтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0