14:37 01 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.2474
  • RUB1.0437
Викториналар

Кыргызча онлайн-диктантты катасыз жазууга даярсызбы? Кезектеги тесттен өтүңүз

Кыскача шилтеме алуу
656620
© Sputnik /

Бул сапар кыргыз тилинде онлайн-диктант жазабыз. Катасын дароо текшерип, туура же туура эмес жазганыңызды күтүп отурбай, ошол эле жерден көрүп алсаңыз болот.

Ага биздин техникалык шарттар сизге толук мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул үчүн компьютерди же мобилдик телефонду пайдалансаңыз болот.

Көк-Жайык жайлоосунда боз үй тигүү. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шарты төмөнкүчө: алгач текстти угасыз, аны ошол эле жерге тересиз. Бирок шашып кетпей, көңүл буруп угуңуз. Убакыт кенен, сизге үч ирет окуп беришет. Бүткөн соң, жыйынтыгын билүү үчүн "диктантты текшерүү" деген жерди басасыз. Эгер кааласаңыз, жат жазууңузду Facebook тармагынан бөлүшүңүз, себеби дос-тааныштарыңыз деле диктант жазса жакшы эмеспи.

Тексттердин катасын текшерүүдө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыргыз улуттук университетинин Тил кафедрасынын окутуучусу, филолог Ишенбек Султаналиев жардам берди.

Бизде кыргыз тилинде ар кыл тесттер бар. Алардын бир тобу туугандардын аталышы, куда-сөөк боюнча. Дагы бир катарынан өтүп, прокуратура кызматкери же депутат боло алар-албасыңызды текшерсеңиз болот.

Эгерде кадимки эле үлкөн Айтматов кызыктырса же Алыкулдун чыгармачылыгы боюнча билимимди сынайм десеңиз, кош келиңиз!

Белгилер:
тест, диктант, жат жазуу, кыргыз тили

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ