АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри биринчи жолу Борбордук Азия мамлекеттерин кыдырууда. Анын алкагында мамкатчы Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанга бармакчы. 

Керринин Кыргызстанга 31-октябрда келиши күтүлүүдө. Америкалык тараптын билдирүүсүндө, мамкатчы Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампсунун жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин бир имаратынын ачылышына катышат.

Жон Керри эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденцияда ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев экөө маалымат жыйынын өткөрөт.


Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал
  • Бир жума ичиндеги
  • Бир ай ичиндеги
  • Бир жыл ичиндеги
  • Ушул убакытка чейин
Жаңылыктар түрмөгү
0